аспирантура жана докторантура белумунун башчысы

Филология илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУ доценти. Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы.

6 китептин жана монографиялардын, журналистика боюнча 2 илимий колдонмонун автору. 50дөн ашык макала жазган, алар Россиянын, Австриянын, Германиянын, Франциянын жана башка өлкөлөрдүн журналдарына жарыяланган (Scopus, РИНЦке кирет).

Масс-медиа жана PR-коммуникация боюнча эл аралык сертификаттарга жана дипломдорго ээ.

27 жылдан ашык убакыттан бери илим менен алектенип келет.

Өткөрүлгөн стажировкалар: «Мугалимдин ишмердүүлүгүндө илимдин инновациялык технологиялары», Москва; «Илимий талкуу: филология жана журналистика маселелери», Москва, «Университетти башкаруу» программасы, Санкт-Петербург; Европанын жана Азиянын окумуштууларынын эл аралык илимий конференциясы, Ницца, Франция.

“London school” мектебинен стажировкадан өткөн, Лондон ш., Англия. “Европа билим берүүсүнүн жаңы интерактивдик илимий изилдөөлөрү” курсунан өткөн, Брюссель ш., Бельгия. “Саясий ПР жана маданияттар аралык коммуникация” курсун аяктаган, Краков ш., Польша. “Европа медиаклассы” (журналистика боюнча) программасы боюнча окуган, Прага ш., Чехия. “Медиация жана медиаторлор” курсунан өткөн, Вильнюс ш., Литва. Ж.Баласагын атындагы КУУ докторанты.

Ж.Баласагын атындагы КУУда жана башка уюмдарда илимий эксперт болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун бир нече ардак грамоталары менен сыйланган. Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Эмгек сиңирген изилдөөчү”, “Жылдын мыкты лектору” ардак наамы ыйгарылган (2017-ж.). КР эл агартуусунун отличниги.