2025-жылдын 9-январында Санарип технологиялар борборунда илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев менен КУУнун 1-курсунун чет элдик PhD докторанттарынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда билим берүү долбоорлоруна стипендиялык колдоо көрсөтүү, “Манас” эпосунун баалуулуктарын чет элдик изилдөөчүлөр арасында жайылтуу, ошондой эле 1-курстун докторанттарын адаптациялоо жана колдоо маселелери талкууланды.

Иш-чара “Манас” улуттук академиясы менен КУУнун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо, Кыргызстандын маданий мурастарын изилдөө жана сактоо үчүн жаңы перспективаларды ачууда маанилүү кадам болду.

Жолугушууга ошондой эле: «Манас» Улуттук академиясынын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Майчинова, КУУнун PhD докторантурасынын директору Досалы Иманбердиев, Илимий-метрикалык анализ кафедрасынын башчысы Асел Шайылдаева жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Эрмека Лайлиева катышты.

(С) Жолдошали К.Үмүт – башкы адис

Категориялар: Uncategorized