2025-жылдын 24-апрелинде №4 окуу корпусунун №221 аудиториясында Кыргыз-Кытай институтунун профессордук-окутуучулук курамы үчүн Scopus, Google Scholar жана RSCI илимийометрикалык маалымат базаларын колдонууга арналган семинар болуп өттү.
Илим жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тыналиев Урмат Мелисович куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал илимий ишмердикти баалоонун куралдарын туура жана эффективдуу колдонуунун маанисин белгиледи. Өз кезегинде институттун директору Апаева Софья Хусейновна ыраазычылык билдирип, Scopus жана Web of Science маалымат базаларында индексацияланган макалалар үчүн дем берүүчү төлөмдөрдүн киргизилиши институттун жаш окумуштууларынын басылма активдүүлүгүнүн жогорулашына алып келгенин белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө илимий-метрикалык анализ бөлүмүнүн башчысы А.К. Шайылдаева, башкы адис У.Жолдошали кызы жана жетектөөчү адис Т.Ишеналиев негизги илимий платформалардын мүмкүнчүлүктөрүнө сереп салып, басылмаларды каттоо эрежелери, индексациялоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти, ошондой эле бул ресурстарды илимий иште практикалык колдонуу боюнча катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
(С) Т.Ишеналиев – илимий-изилдөөчү анализ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси