2025-жылы аспирантурага, докторантурага, изденүүчүлүк институтуна кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бюджеттен тышкаркы негизде аспирантурага, докторантурага жана изденүүчүлүк институтуна илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун негизги билим берүү программалары боюнча өндүрүштөн ажыратуу менен (күндүзгү аспирантура, күндүзгү докторантура) жана өндүрүштөн ажыратуусуз (сырттан аспирантура, кандидаттык/доктордук диссертацияларды жазуу үчүн изденүүчүлүк институту) кабыл алууну жарыялайт.

Документтер 2025-жылдын 10-августунан 2025-жылдын _____________ чейин кабыл алынат.

Аспирантурага тапшыруу үчүн керектүү документтер.  

Аспирантурага кабыл алуу жөнүндө арыз болжолдуу илимий жетекчинин визасы жана төмөнкүлөрдү тиркөө менен КУУ ректорунун атына берилет:

  • жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу адистин же магистрдин дипломунун көчүрмөсү тиркемеси менен (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн). Чет өлкөлүк жарандар үчүн – чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалым каты;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча/ резюме;
  • паспорттун ксерокөчүрмөсү
  • жарыяланган илимий иштеринин, ойлоп табууларынын (болгондо) тизмеси.
  • илимий жетекчинин пикири менен тандалган адистик боюнча реферат (көлөмү 10 бет).
  • жогорку окуу жайын аяктагандан кийин түздөн-түз аспирантурага сунушталган адамдар үчүн факультеттин окумуштуулар кеңешинин же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколунан көчүрмө;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
  • кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протоколдор (болгондо);
  • болжолдуу тема жана изилдөө чөйрөсү менен илимий жетекчинин макулдук-каты (болгондо)
  • паспорттун жана жогорку окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө дипломдун түп нускалары аспирантурага тапшыруучунун жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.

Аспирантурага кабыл алуу эрежелери

  • Аспирантурага тапшыруучулар болжолдуу илимий жетекчи менен аңгемелешүүдөн өтүшөт, ал кабыл алуу комиссиясына илимий жетекчиликти жүзөгө ашырууга макулдугу жөнүндө билдирет.
    • Аспирантурага кабыл алуу үчүн КУУнун ректорунун (илимий иштер боюнча проректорунун) төрагалыгы астында кабыл алуу комиссиясы түзүлөт. Кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү КУУнун ректору тарабынан кафедралардын, бөлүмдөрдүн, лабораториялардын, факультеттердин жетекчилеринен, ошондой эле аспиранттардын илимий жетекчилеринен дайындалат.
    • Аспирантурага кирүү экзамендерине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу комиссиясы тарабынан аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча болжолдуу илимий жетекчинин корутундусун эске алуу менен, ошондой эле реферат жана берилген илимий иштер боюнча чыгарылат жана тапшыруучуга билдирилет.
    • Аспирантурага тапшыруучулар илимдин тарыхы жана философиясы, чет тилдердин бири, кыргыз (мамлекеттик) тили жана атайын дисциплина боюнча колдонуудагы адис же магистр үчүн программанын көлөмүндө конкурстук кирүү экзамендерин тапшырышат.

Адистик боюнча кирүү экзамени башка дисциплиналар боюнча экзамендердин алдында болушу керек. Экзамендерди кайра тапшырууга жол берилбейт.

Кандидаттык экзамендерди толук же жарым-жартылай тапшырган адамдар аспирантурага тапшырганда тиешелүү кирүү экзамендеринен бошотулат.

  • Аспирантурага кирүү экзамендерин кабыл алуу КУУнун ректору дайындаган предметтик комиссиялар тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына экзамен өткөрүлүп жаткан адистик боюнча профессор же илимдин доктору кирет.

Илимдин докторлору жок болгон учурда комиссиянын курамына илимдин кандидаттары, ал эми чет тили боюнча — илимий даражасы жана илимий наамы жок квалификациялуу окутуучулар киргизилиши мүмкүн.

  • Болжолдуу илимий жетекчинин корутундусунун жана конкурстук кирүү экзамендеринин жыйынтыктарынын негизинде кабыл алуу комиссиясы ар бир талапкер боюнча чечим чыгарат.

Аспирантурага кабыл алуу адистиктер боюнча аспиранттарды кабыл алуу планына ылайык КУУнун ректорунун буйругу менен жүргүзүлөт.

Бюджеттен тышкаркы (контракттык негизде) негизде тапшырып жаткан аспиранттар үчүн окууга кабыл алуу окуунун биринчи жылы үчүн чыгымдардын сметасына ылайык тапшыруучу жарым-жартылай төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.

Докторантурага тапшыруу үчүн керектүү документтер  

  1. Докторантурага кабыл алуу жөнүндө арыз КУУнун ректорунун атына кафедра башчысынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчисинин визалары жана төмөнкү документтерди тиркөө менен берилет:
  2. профили боюнча илимдин кандидаты же философия доктору (PhD) / доктор илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөдө билим алган адамдар үчүн тиешелүү окумуштуулук даражалардын дипломунун көчүрмөсү);
  3. докторлук диссертацияны даярдоонун кеңири планы;
  4. окумуштуу катчы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, жарыяланган илимий иштердин, ойлоп табуулардын жана патенттердин (болгондо) тизмеси;
  5. кафедранын, түзүмдүк бөлүмдүн ОК жыйындарынын докторантурага сунуштоо жана диссертациянын темасын, докторанттын илимий консультантын бекитүү менен көчүрмөлөрү.
  6. паспорттун ксерокөчүрмөсү;
  7. кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча/ резюме;
  8. эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
  9. болжолдуу тема жана изилдөө чөйрөсү менен консультанттын макулдук каты (болгондо);
  10. паспорттун жана жогорку окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө дипломдун түп нускалары докторантурага тапшыруучунун жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.
  1. Докторантурага кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
    1. КУУнун ректорунун буйругу менен конкурстук комиссия түзүлөт. 
    1. Комиссия докторантурага тапшыруучунун документтерин карайт жана тиешелүү кафедранын (программанын) корутундусунун негизинде ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду берет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
    1. Докторантурага кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алуу комиссиясынын протоколунун негизинде кабыл алынат. Докторантурага кабыл алуу КУУнун ректорунун буйругу менен жүргүзүлөт.

Изденүүчүлүк институтуна тапшыруу үчүн керектүү документтер

Доктордук диссертациянын үстүнөн иштеп жаткан изденүүчүлөр үчүн:

  •     кабыл алуу жөнүндө арыз КУУнун ректорунун атына кафедра башчысынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчисинин жана болжолдуу илимий консультанттын визалары жана төмөнкү документтерди тиркөө менен берилет:
  • профиль боюнча илимдин кандидаты, философия доктору (PhD) / доктор илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөдө билим алган адамдар үчүн тиешелүү окумуштуулук даражалардын дипломунун көчүрмөсү);
  • доктордук диссертацияны даярдоонун кеңири планы;
  • окумуштуу катчы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жарыяланган илимий иштердин, ойлоп табуулардын жана патенттердин (болгондо) тизмеси;
  • көчүрмөлөр: изденүүчүлүккө сунуштоо жана диссертациянын темасын, изденүүчүнүн илимий консультантын бекитүү менен кафедранын, түзүмдүк бөлүмдүн ОК жыйындары.
  • паспорттун ксерокөчүрмөсү;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча / резюме;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
  • паспорттун жана дипломдун түп нускалары изденүүчүлүк институтуна тапшырган адамдын жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.

Кандитаттык диссертациянын үстүнөн иштеп жаткан изденүүчүлөр үчүн:

  • КУУнун ректорунун атына кафедра башчысынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчисинин жана болжолдуу илимий консультанттын визалары  менен кабыл алуу жөнүндө арыз.
  • жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу адистин же магистрдин дипломунун көчүрмөсү. Чет өлкөлүк жарандар үчүн – чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалым каты;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча / резюме;
  • окумуштуу катчы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, жарыяланган илимий иштердин тизмеси;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протоколдор (болгондо)
  • көчүрмөлөр: изденүүчүлүккө сунуштоо жана диссертациянын темасын, изденүүчүнүн илимий консультантын бекитүү менен кафедранын, түзүмдүк бөлүмдүн ОК жыйындары
  • көчүрмөлөр: кафедранын, түзүмдүк бөлүмдүн окумуштуулар кеңешинин сунуштама, теманы жана илимий жетекчини бекитүү менен жыйындары.
  • паспорттун жана жогорку окуу жайды аяктагандыгы жөнүндө дипломдун түп нускалары изденүүчүлүк институтуна тапшырган адамдын жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.

Изденүүчүлүк институтуна кабыл алуу эрежелери

Изденүүчүлүк институтуна кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Ж. Баласагын атындагы КУУ илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча окумуштуулук даражаны изденүүчүлөрдү конкурстук кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.  Документтерди берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин конкурстук тандоонун бардык катышуучуларынын документтери изденүүчүлүк институтуна талапкерлерди тандоо боюнча комиссиянын кароосуна берилет. КУУ ректордун буйругу менен конкурстук комиссия түзөт, ага КУУнун илимий иштер боюнча проректору жана илимий-педагогикалык кызматкерлери кирет.

Комиссия берилген документтерди белгиленген кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин 2 жуманын ичинде карайт.

Конкурстук тандоону ишке ашыруудагы негизги критерийлер болуп саналат:

— диссертациялык изилдөө даярдала турган илимий адистиктин, КУУнун профилиндеги илимий адистиктин дал келиши;

-диссертациянын билдирилген тематикасынын мамлекеттик заказдын милдеттерине, илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууга түзүлгөн келишимдерге, ошондой эле көрсөтүлгөн иштерди аткарууга гранттарды берүү жөнүндө келишимдерге (макулдашууларга) дал келиши;

— диссертациялык изилдөө планынын иштелип чыккандык даражасы;

— КУУда диссертациянын берилген планына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык жана материалдык-техникалык ресурстардын болушу;

— талапкердин илимий жетишкендиктеринин болушу (илимий жана жарыялоо активдүүлүгү).

Берилген документтердин жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келишин кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду берет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.

Диссертациянын планын, темасын жана илимий жетекчисин (консультантын) бекитүү менен изденүүчүнү бекитүү жөнүндө чечим комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алынат жана окуу мөөнөтүн көрсөтүү менен изденүүчүнү кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарылат.

2025-жылы аспирантурага, докторантурага, изденүүчүлүк институтуна кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу

  1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бюджеттен тышкаркы негизде аспирантурага, докторантурага жана изденүүчүлүк институтуна илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун негизги билим берүү программалары боюнча өндүрүштөн ажыратуу менен (күндүзгү аспирантура, күндүзгү докторантура) жана өндүрүштөн ажыратуусуз (сырттан аспирантура, кандидаттык/доктордук диссертацияларды жазуу үчүн изденүүчүлүк институту) кабыл алууну жарыялайт.
  2. Контракт түзөт: аспиранттар үчүн – жылына 54 000 сом

                                 аспиранттар үчүн (КМШ жарандары) -96 000 сом

аспиранттар үчүн (алыскы чет өлкөнүн жарандары) -120 000 сом

Изденүүчүлөр: а) кандидаттык диссертациянын үстүнөн иштегендер – 30 000 сом

                    б) доктордук  диссертациянын үстүнөн иштегендер – 40 000 сом

Докторантура- 90 000 сом

             3. Документтер 2025-жылдын 10-августунан 2025-жылдын _____________ чейин кабыл алынат.

             Дареги: Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 328, Ж. Баласагын ат. КУУ № 6 лабораториялык корпусу

Төмөнкү телефонго кайрылыңыз 0559 590569

0709 79 05 79 – Джумагазиева Нуржан Курмамбековна